# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41053/edition/31202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому. (08.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026284

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 8-апрели № 2 Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрүн жана документтерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчы Г.А.Мадалиевге тапшырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген убактылуу жобого иш алып баруу ылайык иш алып баруу жагы “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Баатыркулов
