# Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартиби (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 21-апрелиндеги№ 218 токтомуна)

- Толук аталышы: Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартиби (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 21-апрелиндеги№ 218 токтомуна)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-613/edition/31194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартиби (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2025-жылдын 21-апрелиндеги№ 218 токтомуна) (21.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026277

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 218 токтомуна)

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) алкагында жүгүртүүгө чыгарылуучу продукцияга карата Бирликтин техникалык регламенттери менен белгиленген милдеттүү талаптарды жана үчүнчү өлкөнүн аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу продукцияга карата үчүнчү өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген талаптарды аныктоо жана салыштыруу максатында, шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү жол-жобосун белгилейт.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) шайкештикти баалоо жөнүндө документтер - Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим), Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына жана (же) Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына же болбосо үчүнчү өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык шайкештикти баалоонун натыйжалары боюнча таризделген документтер;

2) өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктар - техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү талаптардын, анын ичинде Бирликтин техникалык регламенттеринин, Бирликтин алкагында колдонулуучу шайкештикти баалоо стандарттарынын жана жол-жоболорунун техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү талаптардан, анын ичинде үчүнчү өлкөнүн аймагында техникалык жөнгө салуу объекттерине карата милдеттүү түрдө колдонулуучу талаптарды регламенттөөчү ченемдик-техникалык документтерден, мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодасында тоскоолдук жаратуучу продукциянын бирдей аталыштагы түрлөрүнө карата үчүнчү өлкөдө колдонулуучу шайкештикти баалоо стандарттарынан жана жол-жоболорунан айырмачылыктары;

3) үчүнчү өлкө - Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекет же мамлекеттердин бирикмеси;

4) шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Бирликтин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу шайкештикти баалоо боюнча орган.

Ушул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде аныкталган маанилерде колдонулат.

3. Кыргыз Республикасы менен үчүнчү өлкөнүн ортосунда шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жана тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү өлкө алган техникалык жөнгө салуу объекттеринин милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун натыйжаларын өз ара таануу (мындан ары - өз ара таануу) 2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 337 "Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген) алкагында түзүлгөн Бирликтин эл аралык келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт.

4. Шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу жол-жобосу Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 "Шайкештикти баалоо боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен бекитилген) ылайык ыйгарым укук берилген шайкештикти баалоо боюнча органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан натыйжаларды өз ара таануу жол-жобосу Бирликтин эл аралык келишиминин продукцияларынын (топторунун, продукциянын түрлөрүнүн) тизмегине киргизилген, техникалык тоскоолдуктар четтетилген продукцияларга карата гана жүзөгө ашырылат.

6. Шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу жол-жобосун жүргүзүү үчүн документтер мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде берилет. Тексттин түп нускасынын котормосунун аутенттүүлүгү үчүн жоопкерчиликти өтүнмө ээси тартат.

7. Өз ара таануу жол-жобосун жүргүзүү үчүн шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органды тандоо өтүнмө ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.

Шайкештикти баалоодо өтүнмө ээлеринин чөйрөсү Бирликтин техникалык регламенти менен белгиленет. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, эгерде шайкештикти баалоого өтүнмө берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзбөсө жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө укугу жок.

## 2-глава. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өз ара таануу жол-жобосу

8. Өтүнмө ээси:

1) ыйгарым укуктуу органга өз ара таануу жол-жобосун жүргүзүүгө өтүнмөнү кагаз түрүндө же "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын колдонуу менен электрондук түрдө 1-тиркемеге ылайык тапшырат;

2) өз ара таануу жүргүзүү боюнча иштер үчүн акы төлөйт;

3) төмөнкү документтерди берет:

- үчүнчү өлкөнүн тиешелүү органы тарабынан берилген, продукциянын көрсөтүлгөн партиясына шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди (шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация, изилдөөлөрдүн (сыноолордун) же өлчөөлөрдүн протоколдору) жана алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;

- продукцияны өндүрүүчү менен келишим (контракт) жана (же) берилүүчү продукциянын номенклатурасын жана санын ырастаган башка товарды коштоочу документ;

- продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастоочу, үчүнчү өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык башка документтер.

9. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган:

1) өтүнмөнү жана берилген документтерди кабыл алат;

2) өтүнмө ээсине өз ара таануу боюнча иштердин бааларынын прейскурантын берет;

3) өтүнмө ээсине 2-тиркемеге ылайык өтүнмө боюнча кабарлоону эки жумуш күндүн ичинде жиберет;

4) өтүнмө ээси тарабынан берилген документтердин аныктыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзөт, ташып келинген продукциянын партиясына кароо жүргүзөт жана өз ара таануу мүмкүндүгү же Бирликтин техникалык регламенттери менен белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо максатында продукцияга кошумча изилдөөлөрдү (сыноолорду), өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжаларын таануу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат.

Продукцияны кошумча изилдөөлөр (сыноолор), өлчөөлөр тышкы кароо жүргүзүү учурунда продукциянын Бирликтин техникалык регламенттеринин белгиленген талаптарына шайкеш келбешине алып келиши мүмкүн болгон сактоо жана (же) ташуу шарттарын бузуунун айкын кесепеттери табылган учурда дайындалат;

5) өз ара таануу боюнча иштердин жыйынтыктарынын негизинде шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

10. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган өз ара таануу боюнча иштердин ар бир этабын өзүнүн жол-жоболоруна ылайык документтештирет.

11. Өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү өтүнмө кабыл алынгандан тартып өтүнмө ээсине шайкештикти баалоо жөнүндө документ берилгенге чейин бардык ырастоочу документтер бар болсо, продукциянын бардык түрлөрү үчүн үч жумуш күндөн ашпоого тийиш.

Продукцияга кошумча изилдөөлөрдү (сыноолорду) же өлчөөлөрдү жүргүзүүдө мөөнөт аларды жүргүзүү мөөнөтүнө жараша болот.

12. Өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү продукцияга кошумча изилдөөлөрдү (сыноолорду) же өлчөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурларда алмаштырылат.

13. Шайкештикти баалоо жөнүндө берилген документтер Бирликтин техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоо боюнча документтердин бирдиктүү реестрине киргизилет, ошондой эле аларга эркин жетүүнү камсыз кылуу менен органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

14. Өз ара таануунун натыйжалары боюнча талаш-тартыштар келип чыкканда өтүнмө ээси шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, ал эми анын чечими менен макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча улуттук органына же сот органдарына даттанууга (апелляция) укуктуу.

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган же аккредитациялоо боюнча улуттук орган өтүнмө ээсинин даттануусун (апелляциясын) кабыл алууга, каттоого жана аны белгиленген жол-жоболорго ылайык кароого милдеттүү.

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибине 1-тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы, дареги, аккредитация аттестаты, буйруктун номери жана ыйгарым укук берүүнүн жарактуулук мөөнөтү)

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өз ара таануу жол-жобосун жүргүзүүгө ӨТҮНМӨ

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(тышкы экономикалык иштин катышуучусунун (өтүнмө ээсинин)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

аталышы, ОКПО (ИСН) коду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

жана юридикалык же жеке жактын (өтүнмө ээсинин)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

каттоо документинин номери

иш жүзүндөгү дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ юридикалык дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ телефон \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ факс \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ электрондук дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ атынан

(жетекчинин (өтүнмө ээсинин) аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(продукциянын аталышы, түрү, ТЭИ ТН коду)

Бирликтин эл аралык келишиминин аталышы\_ Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген продукцияга Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган продукциянын шайкештигин баалоо жөнүндө документтери бар жана аларды Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин таанууну жүргүзүүнү суранат. Тиркеме:

1)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(шайкештикти баалоо жөнүндө документтер)

2)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

продукцияны жеткирүү жөнүндө келишим (контракт),

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

жеткирилүүчү продукциянын номенклатурасын жана санын ырастаган

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

товар коштоочу документ)

2. Өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүүгө акы төлөөгө милдеттенем.

Өтүнмө ээси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу) (аты-жөнү)

М.О.

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (юридикалык жактар үчүн)

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибине 2-тиркеме

Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз ара таануу боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө КАБАРЛОО

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ыйгарым укуктуу органдын аталышы, дареги, телефону, электрондук дареги)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(тышкы экономикалык иштин катышуучусунун (өтүнмө ээсинин) аталышы,

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ОКПО (ИСН) коду жана юридикалык же жеке жактын (өтүнмө ээсинин)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

документинин каттоо номери)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(продукциянын аталышы, ТЭИ ТН коду)

продукциясынын шайкештигин баалоо жөнүндө документин ырастоого өтүнмөсүн карап чыгып, шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукция \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Бирликтин техникалык регламенти)

талаптарына шайкеш келүүсүнө \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(келишим)

негизинде жүргүзүлөрүн кабарлайт. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу) (аты-жөнү)

М.О.

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Алган кабарлоо менен тааныштым \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу) (өтүнмө ээсинин аты-жөнү)

202\_\_\_-ж. "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
