# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 218 "Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 218 "Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41045/edition/31190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 218 "Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (21.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 21-апрели № 218 Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 337 "Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген 2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюунун тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Шайкештикти баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таанууну жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
