# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41040/edition/31182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026264

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 18-апрели № 215

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун “з” пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо: жогоруда аталган Жобонун тиркемеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“

51

Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр

УКМК

”;

– кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
