Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 „Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 346
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, калктын туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу тамак-аш продуктуларын сактоо жана сатуу шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Сүт продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу соода ишинин субъекттери сүт жана сүт камтыган продуктуларды өзүнчө соода участокторунда (өзүнчө витриналарда, өзүнчө текчелерде же башка бөлүнгөн жерлерде) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2013-жылдын 9-октябрындагы № 67 "Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ТБ ТР 033/2013) техникалык регламенти жөнүндө" чечими менен белгиленген аныктамаларга ылайык аларды так физикалык чектөөнү камсыздоо менен жайгаштырат. Сүт жана сүт камтыган продукцияны сатууга багытталган ар бир соода участогунда сатылуучу продукциянын касиеттерине жана курамына карата керектөөчүлөрдүн мүмкүн болуучу жаңылышуусун болтурбоо максатында сүт камтыган продуктуларда сүт компоненттеринин бар экендигин милдеттүү түрдө көрсөтүүнү кошкондо, продукциянын курамы жөнүндө анык жана так окула турган маалымат жайгаштырылууга тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 45 (3701) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122