Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 190 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Реабилитациялоо боюнча комиссия) иш тартибин, милдеттерин, ыйгарым укуктарын, ошондой эле курамын түзүүнү аныктайт.
2. Реабилитациялоо боюнча комиссия "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, прокуратура органдарына жиберүү үчүн документтерди даярдоо жана тиешелүү корутундуларды түзүү максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
4. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыз кылууну катчылык - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту жүзөгө ашырат.
2-глава. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында 1917-1953-жылга чейинки саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо;
2) саясий репрессиянын курмандыктарынын жарандык укуктарын калыбына келтирүү.
6. Реабилитациялоо боюнча комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) реабилитацияланууга тийиш болгон инсан жөнүндө отчеттун типтүү формасын иштеп чыгат жана бекитет;
2) изилдөөчү (изилдөөчүлөр тобу) даярдаган реабилитацияланууга тийиш болгон инсан жөнүндө материалдарды жана баяндаманы карайт;
3) реабилитациялоо жөнүндө (же реабилитациялоодон баш тартуу жөнүндө) сунуш менен материалдарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат;
4) реабилитацияланууга тийиш болгон инсан жөнүндө материалдарды жана баяндаманы Кыргыз Респубилкасынын Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү китебине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
5) жалпыга жеткиликтүү электрондук маалымат базасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматына реабилитациялануучу инсан жөнүндө материалдарды жана баяндамаларды берет;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайттарына расмий баяндаманын текстин жайгаштыруу аркылуу өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдайт.
7. Реабилитациялоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жогорку билими жана архивдик материалдар менен иштөө тажрыйбасы бар окумуштууларды, адистерди жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдарды издөө боюнча ишке тартууга;
2) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен бардык архивдик мекемелердин 1917-1953-жылдар мезгилине тиешелүү архивдик материалдары менен тоскоолдуксуз таанышууга;
3) саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан жана мекемелерден документтердин көчүрмөлөрүн белгиленген тартипте суроого жана алууга;
4) өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдарын, көз карандысыз эксперттерди чакырууга, алардын пикирлерин жана сунуштарын угууга.
8. Реабилитациялоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
2) өз ишин адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу артыкчылыктарында жүзөгө ашырууга;
3) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишине бардык кызыкдар тараптардын катышуусун камсыз кылууга.
3-глава. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишин уюштуруу жана курамын түзүү
9. Реабилитациялоо боюнча комиссия 19 мүчөдөн турат.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын жана депутаттык топторунун депутаттары, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардан бир өкүл;
2) жарандык коомдун беш өкүлү;
3) Кыргызстандын союз мезгилиндеги тарыхын изилдеген үч окумуштуу;
4) улуттук коопсуздук органдарынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынан жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин архив бөлүмүнөн бирден өкүл.
10. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
11. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы жана анын орун басары түзүлгөн курамдын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
12. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
13. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы:
1) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат;
2) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн ишин координациялайт;
3) жалпыга маалымдоо каражаттарында Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишине тиешелүү билдирүүлөр менен чыгат;
4) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иш пландарынын жана чечимдеринин аткарылышын жалпы контролдойт.
14. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары:
1) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча ишин уюштурат;
2) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын же Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
15. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү:
1) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналыштарына катышат, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
2) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иш планынын долбоору боюнча сунуштарды киргизет;
3) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын тапшырмасы боюнча анын чечимдерин аткарат.
4-глава. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишинин тартиби
16. Реабилитациялоо боюнча комиссия өз ишин жыйналыштар түрүндө жүзөгө ашырат.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
17. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз жеке өзү катышат.
18. Реабилитациялоо боюнча комиссия чечимди кворум болгон учурда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналышы мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет, мында жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчтөн кем эмес депутаты катышууга тийиш.
19. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналыштарына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана чакырылгандар катары башка адамдар добуш берүү укугусуз катыша алат.
20. Реабилитациялоо боюнча комиссия реабилитациялоо же реабилитациялоодон баш тартуу жөнүндө сунуш менен материалдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечимдери корутунду менен таризделет, ага Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы же жыйналышка төрагалык кылган адам кол коет.
Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналышынын жүрүшүндө протокол катчылык тарабынан жүргүзүлөт.
22. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналыштарын үн жаздыруу, видео- жана сүрөткө тартуу Реабилитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы (төрагалык кылуучу) менен макулдашуу боюнча же Реабилитациялоо боюнча комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.
23. Реабилитациялоо боюнча комиссиянын катчылыгы:
1) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу иш-чараларын жүзөгө ашырат (күн тартибинин долбоорлорун жана жыйналыштын катышуучуларынын тизмесин түзүү, Реабилитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө маалымдоо, протокол жүргүзүү);
2) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын жыйналышына материалдарды даярдайт жана жөнөтөт;
3) Реабилитациялоо боюнча комиссиянын иш пландарына жана чечимдерине учурдагы контролду жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун…Постановление · 09.04.2025 · № 190