# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41005/edition/31149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026226

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-апрели № 190

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында 1917-1953-жылдарда саясий репрессиялардын курмандыктарынын жарандык укуктарын калыбына келтирүү боюнча иштерди уюштуруу максатында, "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
