# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40820/edition/30956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-апрели № 209

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө сыйлыктарды, транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө (нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо) жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле бир жолку сый акыларды төлөө жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилсин.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын

12-мартынан тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
