Сайдыкум айылдык кеңешинин “Сайдыкум айыл аймагындагы калктуу конуштарынын ички жолдорунун кызыл сызыгын аныктоо жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 21-августундагы №2
Сайдыкум айыл аймагындагы калктуу конуштарынын ички жолдорунун кызыл сызыгын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 31-декабрындагы №1-нпа Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долборлоо жана белгилөө тартиби жөнүндөгү Жобонун 4.2 жана 4.6 пунктарына ылайык, Сайдыкум айыл аймагындагы калктуу конуштарынын ички жолдорунун кызыл сызыгы боюнча маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы калктуу конуштарынын ички жолдорунун (жолдун туурасынын өлчөмү) кызыл сызыктарынын параметрлери ген.план боюнча берилген норма сакталсын.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
А.Ж. Маматсаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.