# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 31-июлундагы №10 “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 31-июлундагы №10 “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78562/edition/30933/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 31-июлундагы №10 “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө” токтому (31.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026000

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жыл 31-июлундагы №10

Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан

С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин

муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө

Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүнүн (жолдун) түндүк-батыш тарабында жайгашкан ирригациялык курулмалар менен чектешип турган муниципалдык жер тилкелеринин аралыктарын аныктоо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы №606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №307, 2022-жылдын 29-июлундагы №403-токтомдорунун редакцияларына ылайык, ирригациялык курулмалар менен чектешип турган бош жаткан жер тилкелеринин аралыктары 4 (төрт) метр өлчөмдө белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

Э.И.Досов
