# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40794/edition/30893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025958

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-июну № 308 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 139-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

- 1-главасынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«31. Жарандык талаш-тартыштар боюнча сотко берилген доо арыздарынан алынуучу мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 50 000 эселенген өлчөмүнөн ашпайт.»;

- 4-главасынын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:

«18) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 21-июнундагы № 54 (3389) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
