87-берене. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо
Күчүндө · 18.04.2025 редакциясы
1. Бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн жетишүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн аныктоо жана бюджеттик программалардын майнаптуулугун баалоо жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн жоопкерчилик бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) жүктөлөт.";
46) 88-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "88-берене. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары";
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгилүү бир мезгилге бекитилген аймактарды жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын комплекстүү тутуму.
2. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан беш жылдык мезгилге иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кезектеги үч жылдык мезгили жергиликтүү бюджеттин долбоорун үч жылга түзүү үчүн негиз болуп саналат.";
в) 4-бөлүктө "Аймактардын" деген сөз "Жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
47) 89-беренеде:
а) 2-бөлүктө "каралган" деген сөз "каралуучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) бюджеттик каражаттарды негизги тескөөчү (тескөөчү, алуучу) тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларды, анын ичинде алардын майнаптуулугун баалоонун натыйжалары боюнча, ошондой эле мурда каралган жалпы мамлекеттик программаларды, иш-чараларды жана төлөөлөрдү ишке ашырууну токтотууну.";
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен бюджеттик инвестицияларга жиберилет" деген сөздөр "тиешелүү чыгашаларга каралат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 90-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кирешелер, чыгашалар, бюджеттин дефицити жана аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары боюнча бюджеттин негизги параметрлери;";
б) 4-пункттун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
49) 91-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чыгашалардын ведомстволук квалификациясы боюнча контролдук цифралар кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге ведомстволордун бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө негиз болуп саналат.";
50) 95-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдеринин жана такталган көлөмдөрүнүн долбоорлорун, бюджеттер аралык трансферттердин өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 күндүн ичинде жиберет.
5. Жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү кеңештердин кароосуна жана бекитүүсүнө ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык маалымат алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде киргизет.";
51) 98-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "дефицитин (профицитин)" деген сөздөр "дефицитин/профицитин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бюджеттин дефицитин жабуунун булактарын/профицитин пайдалануунун багыттарын;";
52) 99-берененин 4-бөлүгүндө "календардык" деген сөз "жумушчу" деген сөзгө алмаштырылсын;
53) 100-берененин аталышында жана текстинде "Өзгөчө бюджеттин", "өзгөчө бюджетти" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Өзгөчө мамлекеттик бюджеттин", "өзгөчө мамлекеттик бюджетти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 102-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү кеңештер кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана жергиликтүү бюджеттерди төмөнкүдөй параметрлер менен: кирешелерди, чыгашаларды, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңдештирүүчү трансферттердин өлчөмүн жергиликтүү бюджеттердин долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан берилгенден кийин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитет.";
55) 103-беренеде:
а) 4-бөлүктө "квартал боюнча бюджеттик бөлүштүрүүнүн" деген сөздөр "бекитилген/такталган бюджеттин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар тиешелүү бюджеттик ассигнованиелердин негизинде жүзөгө ашырылат.";
56) 105-беренеде:
а) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "тиешелүү бюджеттин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүктө:
- 4-пунктта "келишимди" деген сөз "келишимди (контрактты)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер кабыл алынганда.";
в) 8-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ж-2" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-2) аскердик милдетти аткарууга байланыштуу жыйымдарды;";
57) 106-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 3-пунктунда "Бирдиктүү казыналык эсепте тиешелүү бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөр "Бирдиктүү казыналык эсепте каражаттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу каражаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин бардык ресурстары Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз чегерилүүгө тийиш.";
в) 7-бөлүктө "Бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринен" деген сөздөр "Бюджеттик ассигнованиелерден" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 8-бөлүктө "бюджеттик милдеттенмелердин лимиттери жана каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү" деген сөздөр "каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары, мамлекеттик тышкы инвестициялар боюнча бюджеттик каражаттардын калдыктарын кошпогондо, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен которулууга тийиш.";
е) 12-бөлүктө "атайын эсепте" деген сөздөр "атайын жана депозиттик эсептерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
58) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоо мыйзамында каралган бюджеттик каражаттарды секвестирлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.";
59) төмөнкүдөй мазмундагы 1071-берене менен толукталсын:
"1071-берене. Республикалык бюджеттин чыгашаларын үнөмдөө Корголгон беренелерди кыскартууга төмөнкүдөй учурлардан тышкары жол берилбейт:
1) бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү;
2) бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
3) бюджеттик тутумдун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөө.";
60) 108-беренеде:
а) 6-бөлүгүндө "бюджеттик милдеттенмелердин бекитилген лимиттерине" деген сөздөр "бюджеттик ассигнованиелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Бюджетти аткаруу процессинде Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кайтарып берүү негизинде атайын эсептерде топтолгон каражаттарды республикалык бюджеттин чыгашаларына убактылуу алып коюуга жол берилет.";
61) 109-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бюджеттерди аткаруу процессинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жалпы бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө жол берилет. Такталган республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчү) республикалык бюджеттин негизги параметрлерин сактоо менен чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.";
б) 3-бөлүктө "укуксуз" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
62) 110-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
63) 111-берененин аталышында жана текстинде "Республикалык бюджеттин" деген сөздөр "Бюджеттик тутумдун бюджеттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
64) 113-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
65) 114-беренеде:
а) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелерин жана мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган милдеттенмелерди кошпогондо, бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жеткирүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимдер, контракттар, макулдашуулар катталууга тийиш.
3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди кошуп алганда, бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууга тийиш бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген максаттуу багыт боюнча каралган бюджеттик ассигнованиелерди сактоону камсыз кылат жана насыялык жана дебитордук карыздын абалы жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздын түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Келишимде, контрактта, макулдашууда белгиленген төлөө мөөнөтүнөн ашып кеткен милдеттенме мөөнөтү өтүп кеткен карыз болуп саналат. Формалдуу келишим, контракт, макулдашуу болбогондо, бюджеттик мекеме өз убагында каржыланган шартта төлөөгө эсеп алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөтүнөн ашып кеткен карыз мөөнөтү өтүп кеткен болуп саналат.";
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн)" деген сөздөр "(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Келишимдик бюджеттик милдеттенмелер товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жөнөтүүчүлөр жана консультанттар менен түзүлгөн келишимдердин, контракттардын, макулдашуулардын негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан милдеттенмелер кабыл алынганда келип чыгат.";
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6-бөлүктө "(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)" деген сөздөр "(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 7-бөлүк "Келишимдерди" деген сөздөн кийин ", контракттарды, макулдашууларды" деген сөздөр менен толукталсын;
66) 115-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган кошумча ресурстарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынганда, бюджеттик жыл ичинде кошумча чыгашаларды бөлүүдө же үнөмдөөдө, Социалдык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна Министрлер Кабинети, айылдык жана шаардык кеңештерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан жана 1-ноябрынан кечиктирилбестен киргизилет. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөр зарыл болгондо бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык киргизилет жана аткарылат. Жогорку Кенештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттардын шайлоочулар менен иштеген мезгилде Министрлер Кабинети зарыл болгондо республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бюджеттик мыйзамдардын маселелер карамагына кирген тийиштүү Жогорку Кеңештин тармактык комитетине маалымат берүү менен аларды аткарат. Тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актыларында бекитилген жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин өзгөртүү зарыл болгондо жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органы тарабынан ал мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органга киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде кезексиз тартипте каралат.";
67) 116-беренеде:
а) аталышында "бекитүү" деген сөз "кабыл алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "1-майынан" деген сөздөр "20-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө "15-майынан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту анын аткарылышын баалоо менен кабыл алуу тууралуу чечимди кабыл алат.";
68) мамлекеттик тилдеги 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "23-глава. Мамлекеттик ички контроль тутуму жана мамлекеттик аудит";
69) 121-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарында ички контроль тутумун уюштуруу Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.";
70) 122-беренеде:
а) 1-бөлүктө "кепилдиктерди" деген сөз "баа, кепилдиктерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити Кыргыз Республикасынын ички аудит боюнча ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
71) 125-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон жашыруун сырды коргоону камсыз кылууну эске алуу менен маалымат алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен төмөнкү документтерди алар белгиленген тартипте бекитилгенден (жактырылгандан, кабыл алынгандан) кийин 15 күндүн ичинде жайгаштырууга милдеттүү:";
- 7-пунктта "бекитилген" деген сөз "кабыл алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта, 2 жана 3-пункттарда ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары", ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта "майнаптуулуктун индикаторлоруна" деген сөздөр "натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-8-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн маалымат такталарына, расмий сайттарына, социалдык баракчаларына жана башка коммуникация каражаттарына төмөнкүлөр бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде аларды жайгаштырууга милдеттүү:
1) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору;
2) бекитилген жергиликтүү бюджеттер;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор.";
72) 127-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коомдук бюджеттик угуулар - сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттердин долбоорлорун түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
73) 131-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "мониторингди" деген сөз "финансылык контролду жана мониторингди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бюджеттин аткарылышына контролдун жана мониторингдин, ошондой эле жүргүзүлгөн ички жана тышкы аудиттин жүрүшүндө бюджеттик мыйзамдарда табылган бузуулардын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетине каржылык бузуулар табылган программаларды жана иш-чараларды жүзөгө ашырууда (пайдаланууда) каржылоого (бюджеттер аралык трансферттерди берүүгө) чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизилет.".
Берененин тексти 18.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
87-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230025941/st-87" title="87-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>