1-берене
Күчүндө · 18.04.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) бюджеттик колдоо - эл аралык финансы институттарынан жана донор өлкөлөрдөн тартылуучу каражаттар;";
б) 6-пунктта "квартал боюнча бөлүштүрүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) бюджеттик милдеттенме - бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга, макулдашууга (келишимге, контрактка) ылайык белгилүү милдеттерди аткарууну камсыз кылуу милдеттенмеси;";
г) 9-пунктта "акча каражаттары" деген сөздөр "акча каражаттарынын чектик көлөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) бюджеттик насыя - ушул Кодекстин ченемдерине ылайык кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында юридикалык жана жеке жактарга бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары;";
е) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) мамлекеттик кепилдик - Министрлер Кабинетинин зайымчы мамлекеттик кепилдик жөнүндө макулдашуунун шарттарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда карызды толук же жарым-жартылай тындырууга чет өлкөлүк насыя берүүчүнүн алдындагы белгилүү датага милдеттенмеси;";
ж) 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
з) төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
"321) топтолгон каржылык резервдер - теңдештүүлүктү камсыз кылуу жана жыл ичинде күтүлбөгөн чыгашаларды жабуу үчүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган каражаттар;";
и) төмөнкүдөй мазмундагы 341-пункт менен толукталсын:
"341) республикалык бюджеттин негизги параметрлери - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган жыйынды кирешелер жана жыйынды чыгашалар боюнча суммалар, республикалык бюджеттин дефицити/профицити;";
к) төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:
"371) кепилчилик - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилүүчү каржылык насыялык, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы улуттук экономика субъекттеринин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу механизми;";
л) мамлекеттик тилдеги 45-пунктта "киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен," деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-берененин 9-бөлүгү расмий тилдеги "предусмотренных" деген сөздөн кийин "общих" деген сөз менен толукталсын;
4) 14-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджети";
б) 3-бөлүктө "секторунун бюджетин" деген сөздөр "секторунун консолидацияланган бюджетин" деген сөздөргө алмаштырылсын";
5) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Өзгөчө мамлекеттик бюджет
1. Өзгөчө мамлекеттик бюджет Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө же аскердик абал киргизилгенде мамлекеттик бюджеттин негизинде түзүлөт.
2. Министрлер Кабинети өзгөчө же аскердик абалды киргизүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1) бюджеттин кошумча ресурстарын пайдаланат;
2) башкы тескөөчүлөрдүн ортосунда чыгашаларды кайра бөлүштүрөт;
3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү киргизет;
4) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдаланат.
3. Ресурстарга жана чыгашаларга киргизилген өзгөртүүлөр менен өзгөчө мамлекеттик бюджет Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет.
4. Өзгөчө мамлекеттик бюджет Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Кодекстин 100-беренесине ылайык биринчи кезектеги тартипте каралат жана бекитилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абалдын токтотулушу менен республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тактоо жүргүзүлөт.";
6) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.";
7) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Республикалык бюджеттин чыгашаларында Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.";
8) 22-беренеде:
а) 5-бөлүктө "- юридикалык жактарга" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Башка чыгашалар - төмөнкүлөргө зарыл болгон чыгашалар:
1) стипендияларды төлөөгө;
2) сот органдарынын чечимдерине ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана ушул Кодексте белгиленген башка резервдик фонддорду түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна чыгаша бөлүгү аркылуу каражаттарды которууга;
6) топтолгон каржылык резервдерди түзүүгө.";
9) 241-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) республикалык бюджеттин бекитилген/такталган жалпы чыгашаларынын 1 пайызынан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албаганда);";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Президенттин фондунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.";
10) 25-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү бекитилген/такталган республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайызынан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда). Эгерде такталган республикалык бюджетте жалпы чыгашалардын суммасы бекитилген республикалык бюджеттегиден төмөн болсо, анда Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун көлөмүн эсептөө бекитилген республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлөт. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен бекитилет.";
11) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бюджеттин дефицитин жабуунун булактарынын курамына/профицитин пайдалануунун багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1) каржылык активдер менен операциялардан түшүүлөр менен операцияларды жүзөгө ашырууга кеткен чыгашалардын ортосундагы айырма;
2) милдеттенмелерди кабыл алуудан түшүүлөр менен милдеттенмелердин негизги бөлүгүн жабуу үчүн чыгашалардын ортосундагы айырма;
3) Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын калдыктары;
4) бюджеттин дефицитин жабуунун башка булактары/профицитин пайдалануунун багыттары.";
12) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Бюджеттик колдоо тиешелүү программалардын алкагында социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүүгө багытталат.";
13) 29-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту "реконструкциялоо" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "курулуш" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Бюджеттик насыялоо
1. Бюджеттик насыялар республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка булактардан (мындан ары - башка булактар) бөлүнөт.
2. Бюджеттик насыяларды берүүнүн, кайра түзүмдөштүрүүнүн, кайтарып берүүнүн жана эсептен чыгаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Банкроттукка байланыштуу юридикалык жак жоюлган учурларда бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик насыяларды башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик насыялар боюнча пайыздарды тындыруу эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын 10 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлүп чегерилген акча каражаттарын пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Бюджеттик насыялар боюнча насыя берүүчүнүн талаптарына доонун эскириши жайылтылбайт.
Бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүү жөнүндө сот актысы чыгарылган учурдан тартып пайыздарды жана финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат. Чет өлкөлүк валютада берилген бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүүдө карыздын суммасы сот актысы чыгарылган учурга карата расмий курс боюнча улуттук валютада белгиленет.";
15) 33-берененин 1-бөлүгүндө "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 34-берененин 1-бөлүгүндө "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 341-берененин экинчи абзацында "бюджеттик ассигнованиелердин көлөмү жана чыгашалар" деген сөздөр "бюджеттик ассигнованиелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 38-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 1-бөлүктүн биринчи абзацында "1. Социалдык" деген сөздөр "Социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга.";
19) 431-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"431-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду (мындан ары - Турукташтыруу фонду) - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонд.";
20) 432-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Президент тарабынан аныкталуучу башка каражаттар.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгашаларында эсепке алынат. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.";
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.";
21) 433-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууга;";
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Президент тарабынан аныкталуучу башка иш-чараларга.";
22) 45-берененин 3-пунктунда "5 жылдан кем эмес узак мөөнөттүү негизде" деген сөздөр "Фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 47-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында төлөнүүчү салыктар;";
24) 48-берененин 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 51-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "субсидиялоого" деген сөздөн кийин "жана бюджеттик насыялоого" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) муниципалдык ишканаларга бюджеттик насыяларды жана субсидияларды берүүгө.";
26) 53-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр алып салынсын;
27) 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Теңдештирүүчү трансферттер - жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы каржылык айырманы жабууга республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.";
28) 55-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-берене. Максаттуу трансферттер
1. Максаттуу трансферттер - белгилүү бир максаттарга бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.
3. Жергиликтүү бюджеттен максаттуу трансферттер башка бюджетке берилет жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.";
29) 56-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чыгашалар.";
30) 59-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын кошпогондо, мамлекеттик карызга алуу боюнча милдеттемелерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттин активдерин, ошондой эле Улуттук банктын алтынын жана эл аралык резервдерин күрөө түрүндө пайдаланууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын күрөө түрүндө пайдалануу Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.";
31) 62-берененин 3-бөлүгүндө "бекитилет" деген сөз "жактырылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Мамлекеттик кепилдик Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Мамлекеттик кепилдик берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул Кодексте каралбаган мамлекеттик кепилдиктер инвестициялар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.";
33) төмөнкүдөй мазмундагы 631-берене менен толукталсын:
"631-берене. Кепилчилик берүү
1. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында юридикалык жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине берилет.
Кепилчилик берүү жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Кепилчилик берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте улуттук экономиканын субъекттерине тиешелүү жылга жыйынды чыгашалардын көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн каражаттарды карайт.";
34) 66-берененин 1-бөлүгүндө "аймакты" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 71-беренеде:
а) 5-пунктта "каржылык башкаруу жана" деген сөздөр "ички" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү, ошондой эле ички аудит жана ички контролдоо боюнча ишти координациялайт;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:
"33-1) валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашырат;";
36) 74-беренеде:
а) "Экономикалык" деген сөз "1. Экономикалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункттун "а" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;";
г) 6 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Экономиканы өнүктүрүүнүн жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен түздөн-түз инвестициялар жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан даярдалган мамлекеттик материалдык резерв тутумунун чыгашаларынын түзүмү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна карата сунуштарды макулдашуу, ошондой эле отун-энергетика комплекси жаатындагы бюджет жана тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизүү тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
37) 75-беренеде:
а) 7-пунктта "ведомстволук каржылык" деген сөздөр "ички каржылык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 8-пунктта "жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине" деген сөздөр алып салынсын;
38) 78-беренеде:
а) 1-пунктта "аймактардын" деген сөз "жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 79-беренеде:
а) 1-пунктта "аймактардын" деген сөз "жергиликтүү жамааттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) өз ишинин чөйрөсүндө ички контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;";
40) 80-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилген Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын параметрлеринин негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.";
б) 2-бөлүктө "аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын/программаларынын" деген сөздөр "жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "учурдагы бюджеттик жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилген жана кезектеги бюджеттик жылдын 1-январынан эрте эмес колдонууга киргизилүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
41) 81-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 18-главанын аталышында "аймактарды" деген сөз "жергиликтүү жамаатты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 82-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "Министрлер Кабинети тарабынан учурдагы жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен бекитилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн 2-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) бюджеттин дефицитин, аны жабуу булактарын/бюджеттин профицитин жана аны пайдалануу багыттарын;";
в) 6-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилет.";
- экинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Министрлер Кабинетинин Кеңеши 15 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алат.";
г) 8 жана 9-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими менен бекитилет жана Жогорку Кеңешке берилет.
9. Орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттары жарыяланат жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында бекитилгенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.";
44) 83-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) бюджеттин дефицити, аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары;";
45) 85-87-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85-берене. Бюджеттик программалар
1. Бюджеттик программа өнүгүүнүн тармактык (сектордук) программаларын жана жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт.
Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты жана сандык жана/же сапаттык жактан бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү болушу керек.
2. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджеттик программаларда чагылдырылган чыгашалары программалык болуп саналат.
3. Программалык чыгашалардын тизмеги кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбооруна киргизилет.
4. Мамлекеттик органдардын ишинин багыттары боюнча түзүлүүчү, бюджеттик программаларда чагылдырылбаган бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашалары программалык эмес болуп саналат.
5. Бюджеттик программаларды түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 18.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230025941/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>