1-берене
Күчүндө · 16.04.2025 редакциясы
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр ", жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 3 жана 4-пункттарда "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым" жана "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктта "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6, 8 жана 10-пункттарда "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 22-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "жана калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр ", жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 26-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйым" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 3-бөлүктө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымдын" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 29-беренеде:
а) 3-бөлүктө "калктуу пункттардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "калктуу пункттардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдар" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 32-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.";
8) 39-берененин 2-бөлүгүндө "калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымды" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 44-главанын аталышында "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 122-124-беренелерде "Бузуулар" жана "бузуулар" деген сөздөр "Укук бузуулар" жана "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 128-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"128-берене. Ставка Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр кыйыр салыктарды эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон пайдалуу кендерди сатуудан же пайдалуу кендерди кайра иштеткенге чейинки өздүк наркынан алынган пайданын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.".
Берененин тексти 16.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230025849/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>