# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январындагы №4 “Сайдыкум айыл аймагынын Дөш, Дүкүр, Чек, айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январындагы №4 “Сайдыкум айыл аймагынын Дөш, Дүкүр, Чек, айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025769>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78521/edition/30689/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январындагы №4 “Сайдыкум айыл аймагынын Дөш, Дүкүр, Чек, айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” токтому (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025769

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

2024-жыл 30-январындагы №4

Сайдыкум айыл аймагынын Дөш, Дүкүр, Чек, айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы №1 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра каттоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2022-жылдын 2-февралындагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын №4-Токтомуна жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Дөш, Дүкүр, Чек, айылдарынын аталыштарын өзгөртүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы №1 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра каттоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2022-жылдын 2-февралындагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын №4-Токтомуна жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз,

- Мурдагы Дөш айылы “Тынчтык” айылы деп;

- Мурдагы Дүкүр айылы “Достук” айылы деп;

- Мурдагы Чек айылы “Ынтымак” айылы деп өзгөртүлүп, бекитилсин.

2. Айылдардын аталышын өзгөртүүгө керектелүүчү акча каражатын камсыз кылып берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4. Токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайдыкум айыл аймагынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

Э.И.Досов
