# Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40630/edition/30636/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (01.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025716

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылыш) 2025-жылдын 1-апрели № 7 Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндөгү 8-03-04-1001-2025 идентификациялык кодунда катталган жеке менчик 343 чарчы метр жер тилкесинин багытын турак жай багытынан өндүрүштүк багытка которуу жолу менен башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.А.Саматов
