# Кең-Талаа айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы "16 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кең-Талаа айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы "16 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025705>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40619/edition/30623/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Талаа айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-мартындагы "16 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025705

---

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2025-жылдын 25-марты № 16

“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык, Кең-Талаа айыл аймагындагы эгин эгилүүчү участкаларды малдан коргоо , сугарылуучу аянттардан уруксатсыз суу уурдагандарга жана Кең-Талаа айыл аймагындагы жолдорго өз алдынча сугат сууну байлап жолду бузгандарга чара көрүү боюнча Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-мартындагы №34 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексин негизинде төмөндөгүчө акчалай жазапул салууга макулдук берилсин:

а) Кең-Талаа айыл аймагындагы эгин эгилүүчү участкаларды малдан коргоо боюнча төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:

1) Ири мүйүздүү малдар үчүн: 2) Жылкылар үчүн: 3) Кой-эчкилер үчүн:

1-жолу 500 сом 1-жолу 2000 сом 1-жолу 100 сом 2-жолу 1000 сом 2-жолу 3000 сом 2-жолу 200 сом 3-жолу 1500 сом 3-жолу 4000 сом 3-жолу 300 сом

б) Кең-Талаа айыл аймагындагы сугарылуучу аянттардан уруксатсыз суу уурдагандарга төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:

1-жолу 1000 сом 2-жолу 2000 сом 3-жолу тийиштүү комиссиянын актынын негизинде укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.

в) Кең-Талаа айыл аймагындагы жолдорго өз алдынча сугат сууну байлап жолду бузгандарга төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:

1-жолу 1000 сом 2-жолу 2000 сом 3-жолу тийиштүү комиссиянын актынын негизинде укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.

2. Кең-Талаа айыл аймагындагы элдердин эккен эгиндеринин малдардан коргоо үчүн кароолдордун эмгек акысы;

4) 1га жерге -30кг (арпа, буудай)

5) 1га заек жерге (оруп алынса) - 300 (үч жүз) сомдон алынышына макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Укук бузуулар боюнча комитетине жана Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

Б.Жумабайев
