Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-апрели № 173
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
– «Нөөмөттүк автотранспорттун саны (бирдик)» графасында «7» деген цифра «8» деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Бишкек шаарынын мэриясынын штаттык санынын жана жергиликтүү бюджеттик каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 25 (3681) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын…Постановление · 30.04.2022 · № 240
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122