# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40364/edition/30302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө" токтому (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025326

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-марты № 158

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемеси тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:

- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемесин жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурсун;

- жоюу балансын бекитсин;

- өткөрүп берилген финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана чыңдоого максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;

- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 24 (3680) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
