# Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/3 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жаңы-Жол участкасынан көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/3 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жаңы-Жол участкасынан көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/3
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40286/edition/30210/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/3 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жаңы-Жол участкасынан көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (03.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025231

---

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2024-жылдын 3-сентябры №25/3

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы Жаңы-Жол участкасынан көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу З.Дуйшаевдин калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 16,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы №15 “Граждандык кодексинин 233¹-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 35-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу З.Дуйшаевдин калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 16,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук каты канааттандырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын жашоочусу З.Дуйшеевдин макулдук катына ылайык, 16,0 чарчы метр жер тилкеси Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиигине алууга макулдук берилсин.

3. Жогорудагы турак жай багытынан ажыратылган жер тилкеси көмөкчү чордон орнотуу багытына өзгөртүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Шерматов
