# Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-мартындагы №5/3 "Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-мартындагы №5/3 "Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/3
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40217/edition/30122/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-мартындагы №5/3 "Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" токтому. (17.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025136

---

КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму 2025-жылдын 17-марты 5/3

Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Курманжан Датка айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2.Курманжан Датка айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча атайын айыл өкмөтүнүн деңгээлине жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы №183 токтомун негиздеп атайын жобо иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:

Д. Камчыбек уулу
