# Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9-19
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40191/edition/30096/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому (30.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025116

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №VII-чакырылышынын

кезектеги 9-отуруму (сессиясы)

2024-жылдын 30-августу №9-18

Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Төрага

А.Ажибаев
