# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5518/edition/30006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025028

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-апрели № 207

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү бөлүгүндө калкты каттоо кызмат көрсөтүүлөрүн оптималдаштыруу максатында, "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомунун 1, 3, 4-пункттары;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү жана жеке идентификациялык номерди ыйгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
