# Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 15/6 "Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 15/6 "Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/6
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40111/edition/29984/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 15/6 "Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025004

---

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

2022-жылдын 5-августундагы № 15/6

Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Б. Сламовдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Респуликасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор айылынын Шолохов көчөсү Абдиев Төлөбек Зайнидинович атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.

2. Т.Абдиев атындагы көчөнүн турак жайларына катар номерин, көчөнүн атын жаздыруу, жарыктандыруу жана кум шагыл төгүп ирээтке келтирүүнү Абдиев Толобектин баласы Улукка милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

Төрага

Э.Э. Эшмукамбетов
