# 9-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 9-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-9

---

1. Суу жолдору мамлекеттин гана менчигин түзөт. Дарыяларды, көлдөрдү, суу сактагычтарды кемечилик максатында пайдалануу толук же жарым-жартылай тыюу салынган же болбосо алар обочолонгон суу пайдаланууга берилген учурларды кошпогондо, алар жалпы пайдалануудагы суу жолдору болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттин гана менчигинде турган объекттерге киргизилбеген суу жолдорундагы жасалма курулмалар юридикалык же жеке жактардын менчигинде болушу мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө ар кандай кемелердин сүзүү шарттарын камсыз кылуу үчүн суу жолдорунда жайгашкан навигациялык, гидрографиялык жабдууларды жана техникалык каражаттарды эксплуатациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-10)
