6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу транспорту чөйрөсүндөгү компетенциясы
Күчүндө · 03.04.2025 редакциясы · 1-глава
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суу транспорту чөйрөсүндө:
- суу транспортун жана анын инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыз кылат:
- Суу транспортун өнүктүрүү программасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Ички көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелерин, Чакан көлөмдүү кемелерди алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) пайдалануу эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык кемелерди убактылуу жана туруктуу негизде Мамлекеттик милдеттүү каттоо (кошо каттоо), кеме реестрин жүргүзүү, ошондой эле кемелердин абалын, алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) жана токтотууга коюу пункттарын эсепке алуу жана техникалык көзөмөлдөө эрежелерин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана багажды ташуу эрежелерин бекитет;
- Суу транспортун техникалык эксплуатациялоо, кемелерди оңдоо эрежелерин жана Кемелерди техникалык күбөлөндүрүү, эксплуатациялоо жана аларды классификациялоо жобосун бекитет;
- Көлдүн лоциясы жөнүндө жобону, кемечилик жана ар кандай сүзүүчү каражаттарды пайдаланууга жабык жана тыюу салынган көлдөрдүн суу объекттеринин же акваториясынын бөлүгүнүн тизмегин аныктайт;
- Жээк тилкесин пайдалануу тартибин аныктайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын белгиленген жерлеринде же бүткүл аймагында Суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектөө тартибин аныктайт.
Берененин тексти 03.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 5-августундагы № 230 "Суу транспорту чөйрөсүндөгү эрежелерди бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 05.08.2025 · № 230
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 232 "Ысык-Көл көлүнүн лоциясы жана кеме жүрүүгө жана ар кандай сууда сүзүүчү…Приказ · 06.10.2025 · № 282
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230025003/st-6" title="6-берене - Ички суу транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>