# 25-берене. Кемелерди, алардын токтоп туруусу үчүн базаны (курулманы) эксплуатациялоого тыюу салуу

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 25-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-25

---

1. Кемени эксплуатациялоого төмөнкү учурларда тыюу салынат:

- ал кемелердин эксплуатациялык абалына карата талаптарга шайкеш келбесе жана техникалык күбөлөндүрүүдөн өтпөсө;

- эгерде ал белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон жана классификациялоодон жана (же) ЕАЭБ 026/2012 "Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине техникалык күбөлөндүрүүдөн өтпөсө;

- чарбалык-тиричилик жана мунай камтыган сууларды жана калдыктарды, ошондой эле кемелерден авариялык төгүлгөн ар кандай мунай азыктарын кабыл алуу, кайра иштетүү жана тазалоо боюнча жабдууларды, түзүлүштөрдү пайдаланууга келишим жок болсо.

2. Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаны (курулманы) эксплуатациялоого төмөнкү учурларда тыюу салынат:

- эгерде ал белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө;

- ал Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда кемелердин токтоп туруусу үчүн базалардын (курулмалардын) эксплуатациялык абалына карата талаптарга шайкеш келбесе;

- эгерде анын техникалык абалы кемечилик коопсуздугуна, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирсе.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-26)
