# 23-берене. Экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 23-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-23

---

1. Кеме ээси, кеме айдоочу, кемелердин токтоп туруусу үчүн базаны (курулманын) эксплуатациялоочу кемелерди эксплуатациялоодо кемечиликтин экологиялык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылууга жана сактоого, кемелерден жана базалардан (курулмалардан) суу бетинин ар кандай булганышына жана кирге толушуна жол бербөөгө милдеттүү.

2. Кемелердин кемечиликтеги экологиялык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана сактоо жана бул кемелерди жана алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча кеме ээлерине, кеме айдоочуларына, алардын токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) эксплуатациялоочуларга карата талаптар Кыргыз Республикасынын экологиялык жана санитардык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда кемелердин жана алардын токтоп туруусу үчүн базалардын (курулмалардын) эксплуатациялык абалы боюнча талаптары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-24)
