# 18-берене. Кемечилик коопсуздугу боюнча жалпы жоболор

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 18-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-18

---

1. Кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу максатында кеме ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кемелерди коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамды (кеменин капитаны) дайындоого;

- кемелерди коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга;

- кемелердин экипаждарынын мүчөлөрүнүн, кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу, суу-куткаруу иштери жаатындагы башка кызматкерлердин көндүмдөрүн дайыма жакшыртууга;

- кемелердин экипаждарын комплекттөөнү камсыз кылууга жана бул кемелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген техникалык абалда кармоого.

2. Кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын бузгандыгы үчүн кеме ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Кеме ээсинин милдети кемени сүзүүгө даярдоо болуп саналат.

4. Эгерде кеме экипаж менен комплекттелген болсо жана кемечилик коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаратылышты коргоо, санитардык, өрткө каршы жана башка талаптарына ылайык келсе, кеме кароодон өтсө жана мамлекеттик контролдоочу органдан кемечилик укук алса, кеме сүзүүгө жарактуу деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-19)
