# 17-берене. Кеме экипажынын мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 17-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-17

---

1. Кеменин командалык курамына кирген кызмат ордуна дайындоо үчүн кеме айдоочусунун диплому, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелерди, катерлерди, моторлуу кайыктарды жана алардын механизмдерин башкаруу укугуна болгон тиешелүү документтери, ошондой эле чакан көлөмдүү кемелерди башкаруу укугуна ырастамасы бар адамдарга уруксат берилет.

2. Кеме экипажынын курамына кирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кеме капитанынын кызмат ордуна дайындала алышпайт.

3. Кеме капитандыгына жыйырма беш жаштан жаш эмес жана алтымыш үч жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.

4. Кеме капитанына кемени башкаруу, анын ичинде кеме айдоо, кеменин сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, кемедеги тартипти сактоо, кемеге, кемедеги адамдарга жана жүккө зыян келтирүүнүн алдын алуу жүктөлөт.

5. Кеме капитанынын, экипаж мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери ыйгарым укуктуу орган бекиткен Суу транспортунун кемелериндеги кызматтын уставы менен жөнгө салынат.

6. Жүргүнчүлөр кемесинин экипажынын курамына кирген адамдарда суу-куткаруу иштери боюнча даярдыкка жана суудан куткаруунун тастыктамасы милдеттүү түрдө болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-18)
