# 14-берене. Кемени идентификациялоо

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 14-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-14

---

1. Кемелердин реестринде же кеме китебинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон ар бир кеменин өзүнүн аталышы, каттоо пункту, каттоо номери болууга тийиш. Кемеге аталышты анын менчик ээси ыйгарат.

2. Кемени мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган ага борт номерин ыйгарат.

3. Кеменин аталышы жана борт номери кеменин тумшук бөлүгүнүн эки бортуна тең, үстүңкү бөлүгүнүн алдыңкы капталына же башкаруучу бөлүгүнүн канаттарына жана арткы бөлүгүнө жазылат.

4. Бардык кемелерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу зарыл болгон кеме документтери болууга тийиш.

5. Кемени идентификациялоо транспорт мыйзамдарына, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген техникалык регламенттерге, эл аралык стандарттарга жана колдонмолорго ылайык мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-15)
