# 11-берене. Суу жолдорунда курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 11-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-11

---

1. Портторду, причалдарды, кемелерге күйүүчү-майлоочу материалдарды куюу, саркынды жана агынды сууларды чыгаруу үчүн кемелерди тейлөө инфратүзүмүн жана суу транспортунун токтомо-базаларын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча маселелер жер, суу мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык жөнгө салынат.

2. Суу жолдорунда жана жээк тилкесинде курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү, суу транспорту чөйрөлөрүндөгү, жарандык коргонуу, маданият жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Суу жолдорундагы курулмалардын ээлери өзүнүн эсебинен навигациялык жарыктарды, белгилерди жана башка жабдууларды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча орнотууга жана кемечилик коопсуздугу максатында алардын үзгүлтүксүз, жыл бою иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-12)
