# 1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети

- Документ: [Ички суу транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 67 "Ички суу транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5516/edition/29986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230025003/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички суу транспорту жөнүндө, 1-берене (03.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-1

---

1. Ушул Мыйзам кемечиликти жүзөгө ашырууда, суу жолдорунда ар түрдүү кемелерди, анын ичинде республиканын суу жолдоруна кирбеген бардык көлмөлөрүндө чакан көлөмдүү кемелерди балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттарда эксплуатациялоодо мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу ички суу транспорту жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан ички суу транспорту жаатында ишин жүзөгө ашырган бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.

3. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдер төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын суу жолдоруна, көлдөрүнүн жана суу сактагычтарынын акваторияларына жана аларда жайгашкан курулмаларга;

2) Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде жайгашкан портторго, пристандарга, причалдарга, токтомо-базаларга жана суу транспортунун объекттерине;

3) Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда жана суу обьекттеринде эксплуатациялануучу кемелерге жана сууда сүзүүчү объекттерге;

4) Кыргыз Республикасынын ар кандай суу объекттеринде балык чарбалык, туристтик жана башка экономикалык максаттар үчүн эксплуатациялануучу чакан көлөмдүү кемелерге жана сууда сүзүүчү ар кандай каражаттарга.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө жана таандыктыгына карабастан аскердик-көмөкчү, спорттук кемелерге жана сууда сүзүүчү каражаттарга да жайылтылат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230025003/st-2)
