С.Юсупова айылдык кеңешинин “Араван айылынын тургуну Ураимов Ойбек Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 346,16 чарчы, мт турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 63,5 чарчы, мт жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы №4-3 Араван айылынын тургуну Ураимов Ойбек Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 346,16 чарчы, мт турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 63,5 чарчы, мт жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын тургуну Ураимов Ойбек Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 346,16 чарчы, мт турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 63,5 чарчы, мт жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери эске алынып, Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган обьекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндөгү 2024-жылдын 10-майындагы №240 жобосуну жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12, 18- беренелерин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын тургуну Ураимов Ойбек Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 346,16 чарчы, мт турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 63,5 чарчы, мт жер тилкесинин багытын коммерциялык (соода сатык дүкөнү) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын тургуну Ураимов Ойбек Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 346,16 чарчы, мт турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 63,5 чарчы, мт жер тилкесинин багытын коммерциялык (соода сатык дүкөнү) багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы тапшырылсыню
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага:
М.И. Мамитов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин…Положение · 10.05.2024 · № 240 · Күчүн жоготкон