Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-октябрындагы № 199 токтому менен бекитилди)
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү процессин аныктайт.
2. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо (мындан ары - ФТТ) зыяндуу организмдерге карата өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан зыяндуу организмдин карантиндик зыяндуу организм болуу жөндөмүн, карантиндик объектинин жайылышын жөнгө салуунун жана ага карата карантиндик фитосанитардык чараларды көрүүнүн зарылдыгын биологиялык, илимий, экономикалык маалыматтарды баалоо жолу менен аныктоо, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесин (мындан ары - Тизме) түзүү жана карап чыгуу максатында жүргүзүлөт.
3. ФТТ бул тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды колдонуунун объективдүүлүк, ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
4. ФТТ ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген методикага ылайык жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу органдын ФТТ жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алуусуна негиз болуп мурда белгисиз болгон зыяндуу организмдин пайда болушу жөнүндө маалымат же белгилүү зыяндуу организм жөнүндө жаңы маалымат эсептелет, ал ыйгарым укуктуу орган тарабынан расмий маалыматтардын бардык булактарынан, маалыматтар базасынан, илимий жана башка адабияттардан же эксперттердин консультацияларынан алынат. Маалымат ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык электрондук же кагаз жүзүндөгү форматта катталат.
6. Ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган чечимдин негизинде ыйгарым укуктуу орган жыл сайын 1-ноябрдан кеч эмес ФТТ жүргүзүүнүн планын (мындан ары - план) түзөт жана аны бекитет.
7. Планда ФТТ жүргүзүлө турган зыяндуу организмдердин тизмеси, ошондой эле аны жүргүзүүнүн мөөнөтү Тизмеге киргизилген ар бир зыяндуу организм үчүн өзүнчө көрсөтүлөт. Ар бир зыяндуу организм үчүн ФТТ жүргүзүүнүн мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан зыяндуу организмдин биологиялык өзгөчөлүктөрүнө, анын ичинде зыяндуу организмдин жашоо циклинин узактыгына жараша аныкталат.
8. ФТТ жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнүн чечими менен туруктуу иштеген жумушчу топту түзөт, анын курамын аныктайт, зарыл болгон учурда жумушчу топ илимий-изилдөө мекемелеринин жана уюмдардын адистерин тартууга укуктуу.
9. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-октябрга чейин ыйгарым укуктуу органга токойдун патологиясына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча табылган зыяндуу организмдердин карантиндик түрлөрүнүн табылышы жөнүндө маалыматтарды берет.
II. ФТТ жүргүзүүнүн этаптары
10. ФТТ үч этапта жүргүзүлөт:
1) 1-этап (даярдоо) - зыяндуу организмди идентификациялоо жана анын фитосанитардык тобокелдиктин белгилүү бир зонасында (аймагында) жайылуу жолдорун аныктоо;
2) 2-этап (фитосанитардык тобокелдикти баалоо) - зыяндуу организмдердин кирүү, климатташуу жана жайылуу мүмкүндүгүн жана потенциалдуу экономикалык жана экологиялык кесепеттерин баалоо;
3) 3-этап (фитосанитардык тобокелдикти башкаруу) - 2-этапта табылган тобокелдиктерди кыскартуу үчүн башкаруу методдорун аныктоо, аталган методдордун потенциалдуу натыйжалуулугун жана иш жүзүнө ашырыла тургандыгын баалоо.
III. 1-этап (даярдоо)
11. ФТТ жүргүзүү үчүн зыяндуу организмдин ар түрдүү мүнөздөмөсү жөнүндө төмөнкүдөй маалымат жыйналууга тийиш, ага ФТТ жүргүзүүдө баа берилет:
1) зыяндуу организмди идентификациялоо мүмкүндүгүн белгилөө максатында анын классификациясы (түрү/системага таандыгы) жөнүндө;
2) дүйнө жүзүндө зыяндуу организмдин географиялык жайылышы жөнүндө;
3) өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча региондук жана/же улуттук уюмдардын деңгээлинде зыяндуу организмди категорияларга бөлүү жөнүндө;
4) зыяндуу организмдин ээлери болгон өсүмдүктөрдүн тизмеси же өсүүгө же жайгашууга ылайыктуу жерлер (карантиндик зыяндуу организмдин системалуу абалына жараша) жөнүндө;
5) фитосанитардык мааниси бар зыяндуу организмдин биологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
6) зыяндуу организмдин мүмкүн болгон жайылуу жолдору, анын ичинде табигый жайылуу жолдору жөнүндө;
7) зыяндуу организмдин өсүмдүккө, адамга, жаныбарларга, экосистеманын абалына, биологиялык түрдүүлүккө тийгизген экологиялык жана экономикалык таасири жөнүндө;
8) зыяндуу организмдин очокторун локализациялоонун жана жок кылуунун колдонулуп жаткан методдорунун натыйжалуулугу жөнүндө.
12. 1-этаптын жыйынтыктары зыяндуу организмдин так таксономиялык абалы жөнүндө жана ФТТнын андан аркы этаптарын жүргүзүүнүн же зыяндуу организмди так идентификациялоо мүмкүн болбогондуктан жана/же анын так эмес таксономиялык статусуна байланыштуу же ФТТ зонасы үчүн ылайыктуу мурдагы ФТТ бар болгондуктан, аны жүргүзүүнү аяктоонун зарылдыгы жөнүндө тыянак чыгаруу менен ФТТны даярдоо этабынын корутундусу ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык таризделет.
Зыяндуу организмди так идентификациялоо мүмкүн болбогон жана/же анын таксономиялык статусу так эмес болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы илимий-изилдөө мекемелерине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин изилдөө иштерин координациялаган, өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча базалык уюмуна, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Евразия экономикалык комиссиясына кайрылат.
IV. 2-этап (фитосанитардык тобокелдикти баалоо)
13. Фитосанитардык тобокелдикти баалоо этабында зыяндуу организм анын кирүү, климатташуу жана жайылуу мүмкүндүгүн, ошондой эле ФТТ зонасында потенциалдуу экономикалык жана экологиялык кесепеттерин (анын ичинде айлана-чөйрөгө таасирин) баалоо максатында ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык даярдоо этабынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн маалыматты жана корутундуну эске алуу менен өзүнчө каралат.
14. Фитосанитардык тобокелдикти баалоо изилденип жаткан зыяндуу организм аны карантиндик зыяндуу организм катары аныктаган ушул Тартиптин 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн түз жана кыйыр таасир этүүнүн түрлөрүнө шайкеш келишин белгилейт.
15. Зыяндуу организмдин кирүү жана климатташуу ыктымалдуулугун баалоо зыяндуу организм пайда болгон жеринен баштап ФТТ зонасында климатташуусуна чейин байланышкан жайылуунун ар бир жолуна талдоо жүргүзүүнү талап кылат.
16. Зыяндуу организмдин фитосанитардык тобокелдигин баалоо зыяндуу организмдин өсүмдүктөргө, Кыргыз Республикасынын аймагында өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн карантинге алынган продукцияларга түз жана кыйыр таасирин аныктоону жана баяндоону камтыйт.
17. Зыяндуу организмдин өсүмдүктөргө, Кыргыз Республикасынын аймагында өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн карантинге алынган продукцияларга түз таасиринин түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) талаа шарттарында, корголгон кыртыштагы же жапайы жаратылыштагы өсүмдүктөргө таасирин;
2) бузуулардын, залал келтирүүнүн типтерин, санын жана жыштыгын;
3) түшүмдүн көлөмү жана сапаты боюнча жоготууларын;
4) зыянга жана жоготууларга таасир этүүчү биотикалык факторлорду;
5) зыянга жана жоготууларга таасир этүүчү абиотикалык факторлорду;
6) жайылуу ылдамдыгын;
7) көбөйүү ылдамдыгын;
8) зыяндуу организм менен күрөшүү чараларын;
9) учурдагы өстүрүү технологияларына таасирин;
10) айлана-чөйрөгө таасирин.
Зыяндуу организмдин түз таасирин баалоо айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген бүтүндөй зонага жана потенциалдуу кооптуу зонага жүргүзүлөт.
18. ФТТ жүргүзүүдө айлана-чөйрө үчүн зыяндуу организмдердин өсүмдүктөргө тийгизген түз таасиринин төмөнкүдөй түрлөрү жана/же алардын экологиялык кесепеттери эске алынат:
1) өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн санын азайтуу;
2) экологиялык системалардын негизги компоненттери болуп эсептелген өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көптүгүнөн же көлөмүнөн улам алардын санын азайтуу, ошондой эле жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн жергиликтүү түрлөрүн азайтуу, анын ичинде түрлөрдүн деңгээлинен төмөн таасир этүү, эгерде мындай таасир олуттуу мүнөздө экендиги жөнүндө маалыматтар бар болсо;
3) өсүмдүктөрдүн башка түрлөрүнүн санын кыскартуу, алмаштыруу же жок кылуу.
19. Зыяндуу организмдин өсүмдүктөргө, Кыргыз Республикасынын аймагында өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн карантинге алынган продукцияларга кыйыр таасиринин түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ички жана экспорттук рынокторго, анын ичинде экспорттук рынокко жетүүгө таасир этүү. Зыяндуу организм климатташкан учурда орун алган рынокко жетүү үчүн потенциалдуу таасирлерин баалоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилген же киргизиле турган карантиндик фитосанитардык чараларды баалоо жүргүзүлөт;
2) зыяндуу организм менен күрөш жүргүзүүгө чыгымдарды кошуп, зарыл болгон акчалай салымдардын өздүк наркынын же көлөмүнүн өзгөрүшү;
3) сапатын өзгөртүүнүн натыйжасында ички рыноктордо же чет өлкөлөрдө продуктка болгон керектөөчүлүк суроо-талаптын өзгөрүшү;
4) айлана-чөйрөгө жагымсыз таасири жана зыяндуу организм менен күрөшүү чараларынын натыйжалары;
5) локализациялоо жана жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн иш жүзүнө ашырыла тургандыгы жана наркы;
6) башка карантиндик организмдерди алып жүрүүчү катары болуу мүмкүнчүлүгү;
7) зыяндуу организм боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана сунуштамаларды даярдоо үчүн талап кылынган адам ресурстары;
8) таасирлердин социалдык түрлөрү.
20. ФТТ жүргүзүүдө айлана-чөйрө үчүн зыяндуу организмдин өсүмдүктөргө кыйыр таасиринин төмөнкүдөй түрлөрү жана (же) алардын экологиялык кесепеттери эске алынат:
1) Кыргыз Республикасынын флорасына таасири;
2) корголуучу зоналарга таасири;
3) экологиялык системада болуп жаткан экологиялык процесстердин өзгөрүшү;
4) суунун сапатына, рекреациялык пайдаланууга, туризмге, мал жаюуга, аңчылыкка, балык уулоого таасири.
21. Фитосанитардык тобокелдикти баалоонун жыйынтыгы боюнча түрлөргө бөлүнгөн зыяндуу организмдер жумушчу топ тарабынан фитосанитардык тобокелдикти башкарууну баалоо предметине каралат.
Зыяндуу организмдин кирүү ыктымалдуулугун сандык жана/же сапаттык баалоо, ошондой эле экономикалык кесепеттерин (айлана-чөйрө үчүн кесепеттерин кошкондо) сандык же сапаттык баалоо негизделүүгө тийиш.
22. Фитосанитардык тобокелдикти баалоо этабынын натыйжалары кирүү, жайылуу, климатташуу, потенциалдуу экономикалык жактан зыяндуулугу жана потенциалдуу зыян келиши жөнүндө тыянак менен корутунду түрүндө таризделет.
V. 3-этап (фитосанитардык тобокелдикти башкаруу)
23. Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу этабы фитосанитардык тобокелдикти азайтуу жана алдын алуу үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды аныктоону, ошондой эле карантиндик фитосанитардык чаралардын натыйжалуулугун баалоону караштырат. Фитосанитардык тобокелдикти баалоо учурунда алынган корутундулар зыяндуу организмди локализациялоо жана жоюу боюнча карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн колдонулат.
24. Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу ыкмалары зыяндуу организмдин кирүү жолуна жараша айырмаланат:
1) зыяндуу организм менен булганган өсүмдүк продукциясын, таңгактоочу материалдарды жана фитосанитардык тобокелдик жараткан башка товарларды ташып келүүгө жол бербөөчү чаралар;
2) зыяндуу организмдин табигый жайылуусуна жана которулуусуна же жайылуунун башка жолдору менен кирүүсүнө жол бербөөчү чаралар;
3) зыяндуу организмдин кирүүсүн, климатташуусун жана жайылуусун алдын алууга багытталган чаралар.
Фитосанитардык тобокелдикти башкаруунун ыкмаларына карата алардын натыйжалуулугунун деңгээлин баалоо жүргүзүлөт.
25. Импорттолуучу карантинге алынган продукция менен зыяндуу организмдин кирүүсүнүн, климатташуусунун жана жайылышынын фитосанитардык тобокелдигин коопсуздукту камсыз кылуучу деңгээлге чейин азайтуу үчүн эки же андан көп карантиндик фитосанитардык чараларды айкалыштыруу талап кылынат. Зыяндуу организм пайда болгон өлкөдө жайылуу жолуна жараша карантиндик фитосанитардык чаралар төмөнкү чараларды камтыйт:
1) карантинге алынган продукцияга карата колдонулуучу;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн табигый булгануусун алдын алуу же азайтуу максатында колдонулуучу;
3) каралып жаткан зыяндуу организмге жараша өстүрүлгөн жердин же зонанын эркин болушун камсыз кылуучу;
4) карантинге алынган продукцияны ташып келүүгө тыюу салууга тийиштүү.
26. Фитосанитардык тобокелдикти азайтуу үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды тандоодо төмөнкү факторлор эске алынат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында зыяндуу организмдин жоктугу же бар болушу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына зыяндуу организмдин кирүү жолдору.
27. Зыяндуу организмдин тобокелдигинин деңгээли төмөнкү жолдор менен чагылдырылат:
1) колдонуудагы карантиндик фитосанитардык талаптарды сактоо же өзгөртүү менен;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик зыяндуу организм жайылганда болжолдонгон экономикалык жоготууларды көрсөтүү менен;
3) организмдин зыяндуулук деңгээлин азайткан мүмкүн болуучу карантиндик фитосанитардык чараларды аныктоо менен;
4) анын башкарылбастыгынын кесепетинен (зыяндуу организм табигый жайылган учурда).
28. Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу боюнча этабынын жыйынтыгы зыяндуу организмдин кирүүсүн, климатташуусун жана жайылуусун болтурбоо боюнча карантиндик фитосанитардык чараларды аныктоо үчүн колдонулат, аларды төмөнкүлөрдө колдонууга болот:
1) чыккан жеринде жана (же) экспорттоочу өлкөдө (карантинге алынган продукция чыгарылуучу өлкө);
2) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү пунктунда;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында.
29. Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу ыкмаларын аныктоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган карантиндик фитосанитардык чаралардын тизмеси түзүлөт.
VI. ФТТ жыйынтыктарын тариздөө
30. Жумушчу топ төмөнкүдөй корутундулардын бири менен ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык ФТТ корутундусун даярдайт:
1) зыяндуу организмди Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесине киргизүү жөнүндө;
2) зыяндуу организмди Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесинен чыгаруу жөнүндө.
31. Корутунду төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ФТТ жүргүзүүнүн максаты;
2) зыяндуу организмдин аталышы, зыяндуу организмдин тизмеси, зыяндуу организмдин жайылуу жолдору, ФТТ зонасы жана кооптуу зона;
3) зыяндуу организмдин кирүү ыктымалдыгы;
4) Кыргыз Республикасынын аймагына зыяндуу организмдин кирүүсү, климатташуусу жана жайылуусу менен байланышкан кесепеттер;
5) зыяндуу организмди Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесине киргизүүнүн же фитосанитардык коркунуч келтирбегендиктен, Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесинен чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө негиздеме;
6) фитосанитардык тобокелдикти башкаруу боюнча сунуштамалар;
7) маалымат булактары.
33. ФТТ корутундусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет жана анын расмий сайтында "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жарыяланат.
Эскертүү: Ушул Тартиптин 6, 14 жана 22-пункттарында мамлекеттик тил менен расмий тилдин ортосунда айырмачылыктар бар
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү тартибине 1-тиркеме
Зыяндуу организмди каттоо барагы
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы:
_____________________________________________________________________________________
2. Зыяндуу организмдин аталышы:
_____________________________________________________________________________________
3. Зыяндуу организмдин өнүгүү стадиясы: __________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
4. Зыяндуу организм табылган дата: ______________________________________________________
5. Маалымат булагы: ___________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
6. Маалымат тизмеси: __________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
7. Маалыматтын пайда болуу датасы жана орду:
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
8. Зыяндуу организмди каттоо датасы:
_____________________________________________________________________________________
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
20___-ж. "___" ______________ берилди.
Эки нускада берилет.
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү тартибине 2-тиркеме
Фитосанитардык тобокелдикти талдоого даярдык көрүү этабынын корутундусу
1. Таксономия (отряд, түркүм, тукум, түр, түрчө, популяциялар):
______________________________________________________________________________________
2. Географиялык жайылышы:
_____________________________________________________________________________________
3. Зыяндуу организмдерди категорияга бөлүштүрүү:
_____________________________________________________________________________________
4. Ээлери болгон өсүмдүктөрдүн тизмеси:
_____________________________________________________________________________________
5. Фитосанитардык маанидеги биологиялык өзгөчөлүктөр:
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
6. Кирип кетүүнүн ыктымалдуу жолдору:
_____________________________________________________________________________________
7. Жайылуу зонасындагы экологиялык жана экономикалык таасирлер:
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
8. Очок пайда болгон учурда локализациялоо жана жок кылуу мезгилдери:
_____________________________________________________________________________________ Жогоруда саналып өткөндөрдүн жыйынтыгы боюнча каралып жаткан зыяндуу организм андан ары баалоого муктаж же потенциалдуу зыяндуу организм болуп эсептелбейт жана андан ары талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы жок: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Тиркеме:
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
20___-ж. "___" _____________ берилди.
Эки нускада берилет.
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү тартибине 3-тиркеме
Фитосанитардык тобокелдикти баалоо жөнүндө корутунду
1. Кирүү ыктымалдыгы, кирүү жолдору: _____________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
2. Талаа шарттарында, корголгон кыртышта же жапайы жаратылышта климатташуу ыктымалдыгы:
_____________________________________________________________________________________
3. Бузуулардын, залал келтирүүнүн типтери, саны жана жыштыгы:
_____________________________________________________________________________________
4. Түшүмдүн көлөмү жана сапаты боюнча жоготуулары (экономикалык жоготуулар):
_____________________________________________________________________________________
5. Зыянга жана жоготууларга таасир этүүчү биотикалык факторлор:
_____________________________________________________________________________________
6. Зыянга жана жоготууларга таасир этүүчү абиотикалык факторлор:
_____________________________________________________________________________________
7. Жайылуу ылдамдыгы: ________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
8. Көбөйүү ылдамдыгы: _________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
9. Күрөшүү чаралары: __________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
10. Учурдагы өстүрүү технологияларына таасири:
11. Айлана-чөйрөгө тийгизген таасири:____________________________________________________
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
12. Зыяндуу организмдин кирүү, жайылуу, климатташуу ыктымалдуулугу, потенциалдуу экономикалык зыяндуулугу жана потенциалдуу зыяны жөнүндө корутундулар:
_____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
Жумушчу топтун төрагасы:
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
Берилди "___" _____________ 20___-ж.
Эки нускада берилет.
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү тартибине 4-тиркеме
Фитосанитардык тобокелдикти талдоонун корутундусу
1. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо жүргүзүүнүн максаты __________________________________
______________________________________________________________________________________
2. Зыяндуу организмдин аталышы, зыяндуу организмдердин тизмеси, зыяндуу организмдин жайылуу жолдору, фитосанитардык тобокелдикти талдоонун зонасы жана кооптуу зона
______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________
3. Зыяндуу организмдин кирүү ыктымалдыгы: ________________________________________________
______________________________________________________________________________________
4. Кыргыз Республикасынын аймагында зыяндуу организмдин кирүүсү, климатташуусу жана жайылуусу
менен байланышкан кесепеттер: __________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________
5. Зыяндуу организмди Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү
тизмесине киргизүү же фитосанитардык коркунуч келтирбеген катары Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесинен чыгаруу зарылдыгын негиздөө: __________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________
6. Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу боюнча сунуштамалар: ______________________________
______________________________________________________________________________________
7. Маалымат булактары: _________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
Жумушчу топтун төрагасы:
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ колу/мөөр
Жумушчу топтун төрагасы:
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
_________________________
Ф.А.А.
_______________________ Колу
Берилди "___" ______________ 20___-ж.
Эки нускада берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.