# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 72 "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 72 "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5515/edition/29944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 72 "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024958

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 4-апрели № 72

"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230024958/st-1)

"Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 7-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-берененин 1-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

"71) террордук ишти каржылоо;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:

"81) террордук иштерди жүргүзүүгө карата ачык чакырыктар;";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:

"111) уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:

"131) куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;";

д) төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:

"151) диверсия;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230024958/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 13-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
