# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40067/edition/29926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (07.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024940

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-апрели № 184

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
