# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 "Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 "Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40056/edition/29909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 183 "Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024924

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-апрели № 183 Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 26 (3682) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
