Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 121 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 „Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-апрели ПЖ № 121 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту.";
2) 3-пункттун экинчи абзацында ", А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумун" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.