# Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябры №4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271“Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябры №4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271“Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40053/edition/29905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябры №4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271“Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024919

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

XXIXчакырылыштын 1(кезектүү) сессиясы

2024-жылдын 27-ноябры №4 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271“Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын 2024-жылдын 6-декабрында саат 10:00дө, Гавриловка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү Гавриловка мектеп-комплексинде өткөрүү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого ылайык Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 100 санында белгиленсин.

3. 1-тиркемеге ылайык Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы түзүлсүн.

4. 2-тиркемеге ылайык Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.

5. Айыл тургундарынын санына жараша жергиликтүү курултайга делегаттардын саны бекитилсин:

Гавриловка айылы - 30 киши; Романовка айылы - 30 киши; Шалта айылы - 20 киши; Жангарач айылы - 20 киши;

6. 3-тиркемеге ылайык Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жоопту жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.

7. Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:

- 2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейинки мөөнөттө Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;

- Өткөрүлгө турган Курултай тууралуу Гавриловка айылдык аймагынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;

- Курултайда аны бекитүү үчүн Гавриловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыксын.

8. Гавриловка айыл өкмөтү Курултайды уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.

9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

Төрага Ы.Б.Нааматов
