# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-февралындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-февралындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40052/edition/29903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-февралындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (09.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024916

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-февралы № 192 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагындагы "Каркыра" мамлекеттик чек ара заставасында чек ара постун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-январындагы № 01-9-476 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-февралындагы № 6 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун 0,05 га жери (Түп токой чарбасынын Кичи-Үч-Кашка участогунун 106-кварталынын № 20 бөлүгү) "Каркыра" мамлекеттик чек ара заставасында чек ара постун куруу үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

3) аталган жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;

4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда алардын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталышын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
