# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10867/edition/29894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (05.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024910

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 124 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Begin\_nocompare

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ

". End\_nocompare
