# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрели № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрели № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39994/edition/29831/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрели № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (02.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024845

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 2-апрели № 174

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жободо:

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамдарга калктын жашоо жана турмуш шарттарын, эс алуу, маданий агартуу жана физикалык ден соолугун жакшыртуу, ошондой эле жаратылыш, биология-социалдык, чыр-чатак, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө аларды андан ары керектөө жана (же) акысыз бөлүштүрүү, ошондой эле калктын муктаждыктарын канааттандыруу шартында акысыз берилүүчү активдер;".

2. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
