# Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №11-7 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №11-7 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-7
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39990/edition/29827/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы №11-7 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024842

---

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 11-отуруму (сессиясы)

2024-жылдын 12-июлу № 11-7 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Өсүмдүк өстүрүү жана жер боюнча башкы адис А. Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ «Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерин, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативине берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ «Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерин, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативине берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде бекитилген Жобого ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысын бекитүү колго алынсын.

2. Н. Исанов айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысынын өлчөмү тиркемедеги формуланын негизинде өлчөнөт.

3. Бекитилген ижара акысынын өлчөмүнүн негизинде иш алып баруу Өсүмдүк өстүрүү жана жер боюнча башкы адис А. Жолдошевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н. Жолдошов
