Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 „Кыргыз Республикасында Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 2-августу № 101 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:
- 6-пунктунда:
биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 5-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 1-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта өтүнүч берүү каалоосун билдирген учурда иммиграциялык контролдоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери:
- купуялуулук шарттарын сактоо менен адамга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө өтүнүч менен кайрылуу тартибин түшүндүрөт;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтуруу үчүн өтүнүчтүн бланкын берет;
- өтүнүчтү берүү зарыл болгон ыйгарым укуктуу органдын дарегин жана байланыш маалыматтарын билдирет, же болбосо адамдын каалоосу боюнча "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө андан ары ыйгарым укуктуу органга кайра жиберүү үчүн өтүнүчтү кабыл алат;
- адамдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү жарактуу документтери болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрөт.
Адамдын кирүүгө тийиштүү уруксаты же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болгон, же болбосо жасалма документтерди колдонгон учурда иммиграциялык контролдоочу органдар аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттагы убактылуу кармап турган жерге төмөнкү максатта жайгаштырат:
- ким экендигин аныктоо жана идентификациялоо;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер жок кылынган же жасалма документтер колдонулган учурларда териштирүүлөрдү жүргүзүү;
- улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо.
Ошол эле учурда иммиграциялык контролдоочу органдар өтүнүч берген адамдын убактылуу кармап турган жерге жайгаштырылганы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө убактысын, датасын жана маалыматты кабыл алуучунун маалыматтарын жазуу жүзүндө белгилөө менен маалымдашат. Ыйгарым укуктуу орган факсимиль же башка байланыш аркылуу алынган маалыматты токтоосуз каттайт жана ырастайт, кызматкерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктка өтүнүчтү каттоо жана өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берүү үчүн жиберет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү документтерисиз, качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч билдирген адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк андан ары качкын статусун аныктоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн адамдын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө негиз болуп саналат. Иммиграциялык контролдоочу органдар ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын качкындар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аларга жүктөлгөн жол-жоболорго жетүү укугун, ошондой эле адамдын өтүнүчү боюнча БУУнун КЖКБ өкүлчүлүгү, анын өкүлү жана котормочусу менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн беришет. Убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү 48 сааттан ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта мурда качкын статусун берүүдөн баш тартылган адам же качкын статусун жоготкон адам тарабынан берилген өтүнүчтөр убактылуу кармап турган жерде болуу мөөнөтү аяктаганга чейин каралат.";
- 9-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 10-пунктунда:
биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 6-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 2-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Өтүнүчтү каттоо өтүнүч берген адамдын жеке катышуусунда жүргүзүлөт.";
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 7-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 3-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы жана 31-пунктунун биринчи абзацындагы "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өтүнүч берген адам менен бирге келген адамдарга өтүнүчтү кароо мезгилинде 18 жашка толгон учурда күбөлүк берилет.";
- 14-пунктунун биринчи абзацындагы "же качкындын белгиленген үлгүдөгү каттоо карточкасын" деген сөздөр алып салынсын;
- II главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II. Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү берүүнүн, каттоонун жана каттоодон баш тартуунун тартиби";
- II главасы төмөнкүдөй мазмундагы 201- 203-пункттар менен толукталсын:
"201. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартышат:
1) эгерде адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар жок болгон шартта.
Адамдын кайрадан берилген өтүнүчүн кароо үчүн ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан ушул Жобонун 37-46-пункттарында каралган ченемдерге ылайык аңгемелешүү, арыз берүүчү тарабынан берилген маалыматты (арыз, аңгемелешүүнүн протоколу, мурда берилген иштин материалдары) туулган өлкөсүндөгү кырдаалды эске алуу менен талдоо жүргүзүлөт жана жаңы же кайрадан ачылган жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду даярдалат. Жаңы жагдайлар - бул мурда берилген өтүнүч боюнча чечим кабыл алынгандан кийин келип чыккан жагдайлар. Жаңы жагдайларга төмөнкү учурлар кирет:
- эгерде адам туулган мамлекетине кайтса жана куугунтуктоого кабылса;
- эгерде адамда туулган мамлекетинде ал жок учурунда андан көз карандысыз жагдайлар келип чыкса жана куугунтуктоонун курмандыгы болуп калууга негиздүү коркунучтар болсо;
- эгерде адамда "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган үй-бүлө биримдиги принцибине ылайык келген негиздер пайда болсо;
- эгерде адам туулган мамлекетинде куугунтуктоонун себеби болушу мүмкүн болгон динин, жынысын, саясий ынанымдарын өзгөртсө.
Кайрадан ачылган жагдайлар - бул мурда берилген өтүнүч боюнча чечим кабыл алуу учурунда болгон, арыз берүүчүгө белгисиз же белгилүү болуусу мүмкүн болбогон жагдайлар. Аларга ошол адамдын эркинен көз карандысыз жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын иш-аракеттери куугунтуктоого, анын ичинен арыз берүүчүнү куугунтуктоого негиз болгон учурлар кирет. Жагдайларды кайрадан ачылган же жаңы деп таануу учурунда адам берген өтүнүч жалпы негиздерде катталат;
2) эгерде адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо.
Жасаган оор кылмышы үчүн соттолгон адамдын өтүнүчүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан соттун чечиминин же жазаларды аткаруу ыйгарым укуктуу органынын маалыматынын негизинде кабыл алынат;
3) эгерде адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.
Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан жарандыгы таандык болгон же туруктуу жашаган өлкөдө куугунтуктоо далилденген учурлардан тышкары, качкын статусун жоготуу материалдарынын негизинде качкын статусун жоготкон адамдын өтүнүчүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
202. Адам мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пунктка кайрылган учурлардан тышкары, өтүнүчтү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
203. Өтүнүчтү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчиси кол коёт.";
- 27-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде арыз берүүчү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү менен байланышты жоготсо, алты айдын ичинде күбөлүктү өз убагында узартпаса жана анын турган жери аныкталбаса, анын өтүнүчүн кароо токтотулат.";
- 28 жана 29-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Болгон материалдарды жана документтерди талдоодон кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери себептерин көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн өтүнүчүнүн негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө корутунду даярдашат.
29. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү берилген өтүнүчтүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берүүчүнү качкын деп таануу же аны качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алышат. Чечимге ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн жетекчиси кол коёт.";
- 30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Качкындын 18 жашка толгон үй-бүлө мүчөсүнө качкын ырастамасы берилет.";
- 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү адамды качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тийиштүү чечимдин көчүрмөсүн арыз берүүчүгө жеке кол койдуруу менен тапшырууга же баш тартуунун себебин жана кабыл алынган чечимди даттануу тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүүгө тийиш.";
- 39-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 9-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 5-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 43-пунктунун биринчи абзацы "суроо баракчасына" деген сөздөрдөн мурда "ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 51-пунктунун биринчи абзацындагы "ушул токтомдун 10-тиркемесине" деген сөздөр "ушул Жобонун 6-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 52-пунктунун биринчи абзацындагы "апелляциялык" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 7-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) саны менен жарыяланды
Төрага
У.А.Марипов
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 1-тиркеме
Ыйгарым укуктуу орган __________________________________ __________________________________ __________________________________
ӨТҮНҮЧ
Мени Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанууну өтүнөм. Аты-жөнү: ________________________________________________________________________ Жарандыгы таандык мамлекет: ______________________________________________________ Мурда жашаган өлкөсү (жарандыгы жок адамдар үчүн): _________________________________________________________________________________ Туулган жери жана датасы: _________________________________________________________ Кыргыз Республикасында жашаган дареги: ____________________________________________ Ким экендигин аныктаган документ: __________________________________________________ Мени менен төмөнкүлөр кошо жүрөт (үй-бүлө мүчөлөрүн жана туугандык даражасын көрсөтүү):
1. ______________________________________________________________________________
2. ______________________________________________________________________________
3. ______________________________________________________________________________
4. ______________________________________________________________________________
Кайрылуунун себептери/жагдайлары (толук жазуу): ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ (өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтер менен материалдар тиркелет жана ага Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 20-пунктунда каралган учурлардан сырткары, арыз берүүчү жеке өзү кол коёт).
"___" ________________ 20___-ж. Арыз берүүчүнүн колу".
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 5-тиркеме
Ыйгарым укуктуу орган __________________________________ __________________________________ __________________________________
Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч боюнча котормочуга ишеним бланкы 20__-жылдын "___" ______________ Делонун №
Мен ___________________________________________________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү) _____________________________________________________________________ жараны же (мамлекеттин аталышы) ______________________________________________________________________ дарегинде жашаган жарандыгы жок адам Мен: (X белгисин коюңуз)
- өзүм сунуштаган £
- ыйгарым укуктуу орган сунуштаган £
котормочуга толук ишенем. Котормочунун аты-жөнү ____________________________________________________________, Котормочунун жашаган дареги ______________________________________________________, Котормочунун паспорттук маалыматтары _____________________________________________.
2. Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү каттоодо/Кыргыз
Республикасында качкын статусун берүү боюнча аңгемелешүүдө мен өзүм кол койгон документтин (котормочуга ишеним бланкын) жана башка документтердин мазмуну мага белгилүү экендигин ырастайм 20___-жылдын "____" ____________ _____________________ (арыз берүүчүнүн колу жана дата)
3. Мен, котормочу _________________________________________________________________
(аты-жөнү) ушул котормочуга ишеним бланкына арыз берүүчүнүн ________________________________________________________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү) 20__-жылдын "___" ___________ ____________________ кол койгондугун ырастайм. (котормочунун колу жана дата)
4. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери:
_________________________________________________, 20___-жылдын "___" _____________ (кызматкердин аты-жөнү, колу жана дата) (документ арыз берүүчү тарабынан котормочу аркылуу, котормочу же ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан толтурулат).".
3-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 6-тиркеме
Ыйгарым укуктуу орган __________________________________ __________________________________ __________________________________ Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү
Аты-жөнү __________________________ Дареги ____________________________ Делонун № _________________________
Ыйгарым укуктуу орган ________________________________________________________________ 20___-жылдын "___" ________________________ Кыргыз Республикасында качкын деп таанылган ___________________________________________________________________________ жараны (мамлекеттин аталышы) же жарандыгы жок адам _______________________________________________________________ (аты-жөнү) боюнча иштин жагдайын карап чыгып, "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде өзүнүн 20___-жылдын "___" __________ чечими менен төмөнкүдөй себептер боюнча аны качкын статусун жоготту деп эсептейт: ___________________________________________________ ___________________________________________________________________________________.
Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу: Чечимдин көчүрмөсү берилген дата: 20___-жылдын "___" ______________ Колу (качкын статусун жоготкон адамдын) ____________________________.".
4-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого 7-тиркеме
Ыйгарым укуктуу орган _________________________________________________
СУРАМЖЫЛОО БАРАКЧАСЫ
Делонун номери: _______________________ Катталган дата: ________________________
Кызматкердин аты-жөнү/ээлеген кызматы __________________________________________________
Котормочунун аты-жөнү _________________________________________________________________
1-бөлүк. Арыз берүүчү жөнүндө жеке маалыматтар
1. Фамилиясы _________________________________________________________________________
2. Аты _______________________________________________________________________________
3. Атасынын аты ______________________________________________________________________
4. Туулган датасы (күнү/айы/жылы) _______________________________________________________
5. Туулган жери (айылы, району, шаары, өлкөсү) ____________________________________________
6. Жарандыгы ________________________________________________________________________
7. Улуту (этностук таандыгы) ____________________________________________________________
8. Тутунган дини ______________________________________________________________________
9. Эне тили __________________________________________________________________________
10. Башка кайсы тилдерди билесиз (билүү деңгээли) ________________________________________
11. Жынысы _________________________________________________________________________
12. Ким экендигин аныктаган документтер: ________________________________________________
Кыргыз Республикасына кирүү үчүн колдонулган документтер: ____________________________________________________________________________________
13. Үй-бүлөлүк абалы (бойдок, үйлөнгөн, ажырашкан, жесир/жесил) ____________________________
14. Жарандыгы таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде акыркы жашаган жеринин толук
дареги (жарандыгы жок адамдар үчүн): ___________________________________________________
15. Билими: Билимиңиз барбы? Ооба/Жок. Бар болсо, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Окуу жайы
Жайгашкан орду
Окуу мезгили
Алган квалификациясы
Билими жөнүндө документ
16. Аскер кызматы: Сиз армияда кызмат өтөгөнсүзбү? Ооба/Жок. Өтөгөн болсоңуз төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Аскер бөлүгүнүн аталышы
Жайгашкан орду
Кызмат өтөгөн мезгили
Наамы
Функциялык милдеттери
17. Жарандыгы таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде иштеген ишинин түрү (жарандыгы жок адамдар үчүн): ___________________________________________________________________
1) жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде иштегенсизби? (жарандыгы жок адамдар үчүн). Ооба/Жок
Уюмдун аталышы
Жайгашкан орду
Иштеген мезгили
Кызмат орду
18. Саясий, диний же башка коомдук иш: _________________________________________________
___________________________________________________________________________________
1) сиз же сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү кандайдыр бир саясий, диний же башка коомдук уюмдардын ишине катышканбы? Ооба/Жок.
2) уюмдун аталышы __________________________________________________________________
3) уюмдун ишинин мүнөзү _____________________________________________________________
4) уюмдун ишине сиздин катышууңуз ____________________________________________________
5) уюмда иштеген мезгилиңиз __________________________________________________________
6) сиз азыркы учурда уюмдун ишине катышасызбы _________________________________________
19. Арыз берүүчүнү коштоп жүргөн туугандары - ата-энеси, жубайы, балдары, багып алган балдары, бир тууган жана бир тууган эмес ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, чоң атасы, чоң энеси, неберелери:
Аты-жөнү
Туугандык даражасы
Туулган датасы
Жарандыгы
Жашаган жери
1) арыз берүүчүнү коштоп жүрбөгөн жарандыгы таандык өлкөдө/туруктуу жашаган жеринде жашап калган туугандары - ата-энеси, жубайы, балдары, багып алган балдары, бир тууган жана бир тууган эмес ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, чоң атасы, чоң энеси, неберелери (жарандыгы жок адамдар үчүн):
Аты-жөнү
Туугандык даражасы
Жынысы
Туулган датасы
Ишинин түрү
Статусу
Жашаган жери
2) арыз берүүчүнү коштоп жүрбөгөн жана азыркы учурда жарандыгы таандык өлкөдөн/туруктуу жашаган жеринен башка жерде, анын ичинде Кыргыз Республикасында жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрү:
Аты-жөнү
Туугандык даражасы
Жынысы
Туулган датасы
Статусу
Жашаган жери
20. БУУнун Качкындар иштери боюнча Башкы комиссарынын башкармалыгына кайрылдыңыз беле? Ооба/Жок (эгерде кайрылган болсоңуз качан жана кайсы жерде экенин көрсөтүңүз)
_________________________________________________________________________________
1) сиздин кайрылууңуздун натыйжасы _________________________________________________
2) мурда кайсы бир өлкөдө башпаанек алууга арыз бердиңиз беле? (эгерде берген болсоңуз качан жана кайсы жерде көрсөтүңүз) _______________________________________________________
_________________________________________________________________________________
3) сиздин кайрылууңуздун натыйжасы _________________________________________________
4) кайсы бир дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө же эл аралык уюмдарда каттоого алынгансызбы?
_________________________________________________________________________________
21. Туулган өлкөсүнөн чыгуу: ________________________________________________________
1) жарандыгы таандык өлкөнүн/туруктуу жашаган жеринин чек арасын кесип өтүү датасы жана жери (жарандыгы жок адамдар үчүн): __________________________________________________
2) сиз жарандыгыңыз таандык өлкөдөн/туруктуу жашаган жериңизден мыйзамдуу же мыйзамсыз чыгып кеттиңизби? (жарандыгы жок адамдар үчүн): ______________________________________
3) жүрүү маршруту:
Болгон жерлерди көрсөтүү менен жүрүү маршруту
Баштап (күнү/айы/жылы)
Чейин (күнү/айы/жылы)
Болууга уруксат берген документ
22. Кыргыз Республикасына кирүү: ___________________________________________________
(дата)
1) сиз Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамдуу же мыйзамсыз өттүңүзбү? (кененирээк токтолуңуз): ______________________________________________________________________
2) сиз Кыргыз Республикасында мурда болдуңуз беле? Ооба/Жок (эгерде болсоңуз келген датаны, болгон мезгилди, келүү максатын көрсөтүңүз) ___________________________________________
2-бөлүк. Арыз берүүнүн жүйөлөрү*
Сиз эмнеден коркосуз? (болгондорду кенен жана эркин формада жазуу) _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________
* берилүүчү суроолор жана айтылуучу маалыматтар тараптардын каалоосу боюнча кененирээк болушу мүмкүн;
* ар бир суроого кошумча аңгемелешүү протоколунун барактары колдонулушу мүмкүн.
1. Сиздин коркууларыңыз эмнеге негизделет, жеке тажрыйбаңызгабы же башкалардын тажрыйбасынабы? ________________________________________________________________
2. Сиз жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде (жарандыгы жок адамдар үчүн) зомбулукка, кармоого, камоого, түрмөгө отургузууга же коркунуч жараткан башка аракеттерге дуушар болдуңуз беле? Ооба/Жок (эгерде дуушар болсоңуз качан, ким тарабынан, кандай формада жана эмне себептен экенин көрсөтүңүз)
_________________________________________________________________________________
3. Сиз ушуга байланыштуу жарандыгыңыз таандык болгон өлкөдө/туруктуу жашаган жериңизде коргоо жана жардам алуу үчүн мамлекеттик органдарга кайрылдыңызбы (жарандыгы жок адамдар үчүн)? Ооба/Жок (эгерде кайрылган болсоңуз кененирээк көрсөтүңүз).
4. Сиздин кайрылууңуздун натыйжасы ________________________________________________
5. Сиздин жазгандарыңызды ырастоочу кандайдыр бир далилдер барбы?
________________________________________________________________________________
6. Сиздин оюңуз боюнча жарандыгыңыз таандык болгон өлкөгө/туруктуу жашаган жериңизге кайтканда Сизди жана Сиздин үй-бүлө мүчөлөрүн эмнелер күтүшү мүмкүн (жарандыгы жок адамдар үчүн)?
________________________________________________________________________________
Эскертүү: Мен сурамжылоо барагында көрсөтүлгөн маалымат өз сөзүмдөн туура жазылгандыгын, мага окуп берилгендигин, которулгандыгын өз колум менен ырастайм. Арыз берүүчүнүн колу: ___________________________________ Дата: ____________________ Котормочунун колу: _______________________________________________________________ Кызматкердин аты-жөнү жана колу __________________________________________________".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2003 года №188 "Об утверждении Положения о работе с беженцами в Кыргызской Республике"Постановление · 04.04.2003 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон