# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024702>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230024702/edition/29658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (17.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024702

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 26-марты ПЖ № 104 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамында:

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:

- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:

3-пунктта: төртүнчү абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары," деген сөздөрдөн кийин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары," деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 23 (3679) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
