# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39907/edition/29640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (03.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024681

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 3-марты № 108

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын, инфраструктура объекттеринин, аймагынын, ошондой эле дарыялардын нугундагы коргоочу курулмалардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жободо:

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жер участогу чек арадагыны кошпогондо, дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн нугунда же жээгинде жайгашкан учурда арыз ээси арызга жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун тиркеши керек.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
