# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39904/edition/29634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 4-майы № 191 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө

Миграция процесстерин башкарууну жана жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте, эки айлык мөөнөттө 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын (2021-2025-жылдар) жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 18-майындагы № 61 (3240) саны менен жарыяланды

Премьер-министр

У.А.Марипов
