# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 84-т (2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 84-т (2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 84-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19500/edition/29635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 84-т (2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактыруу жөнүндө) тескемеси (17.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 17-февралы № 84-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлүк өнөктөштүк программасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 309-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
