# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39900/edition/29626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024669

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-марты № 145

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
